ВАСИЛЬЕВДЕР
(окшош фамилиялуулар, псевдоними – б и р т у у г а н В а с и л ь е в д е р) – фамилиялары уйкаш орус кинорежиссёрлору ж-а сценаристтер. Г е о р г и й Н и к о л а е в и ч (25. 11. 1899, Вологда – 18.6.1946, Москва) – РСФСРдин иск-вого эмг. сиӊ. ишмери (1940). Журналист, 1924-жылдан кинорежиссёр, Сергей Дмитриевич м-н бирге иштеген. Ленин ж-а Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган. С е р г е й Д м и т р и е в и ч [22.20(4.11). 1900, Москва – 16. 12. 1959, Ленинград] – СССР эл арт. (1948). Алгачкы режиссёрлук иши – «Муздагы эрдик» (1928) документ фильмин биргелешип тартышкан. «Уйкудагы сулуу» (1939) фильминде алар биринчи жолу жалпы псевдоним м-н чыгышкан. В-дин атагын чыгарган «Чапаев» фильми (1934; СССР мамл. сыйл., 1941). В. үндү колдонууда ж-а музыканы чечмелөөдө кинорежиссура иск-восун жаӊы баскычка көтөргөн. В. Андан башка «Волочаев күндөрү» (1937), «Царицын коргонуусу» (1941; СССР мамл. сыйл., 1942), «Фронт» (1943) фильмдерин биргелешип тартышкан. Сергей Дмитриевич «Шипка баатырлары» (1955), «Октябрь күндөрүндө» (1958) фильмдерин койгон. Ал «Ленфильм» киностудиясынын көркөм жетекчиси (1944–49), директору
«Чапаев» фильминен кадр. Режиссёрлор бир тууган Васильевдер. 1934. (1955–57) болгон. Ленин ордени, башка 2 орден м-н сыйланган. Бир тууган Васильевдер атн. РСФСР мамл. сыйл. белгиленген. Ад.: Писарский Д. С. Братья Васильевы. М., 1981.