«ГЛОБУС»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ГЛО́БУС» – Лондондогу элдик театр, 1599–1644-ж. иштеген. «Г-ту» театрдын башкы актёру, трагик Р. Бёрбеж жетектеген. Бул жерде У. Шекспирдин ж-а англ. Кайра жаралуу доорунун драматургдарынын чыгармалары коюлуп, театр өлкөдөгү бирден бир маданий борборго айланган. Театрга 2 миӊ адам баткан. Спектаклдер күндүзгү жарыкта, антрактсыз ж-а жасалгасыз өткөн. Сахнада көшөгө болгон эмес, анын өзгөчөлүгү сахна көрүүчүлөргө жакын жайгашкан. 1613-ж. жыгачтан курулган «Г-тун» имараты күйүп кеткен ж-а театрды кайрадан таштан тургузушкан. 1644-ж. англ. бурж. Революция учурунда «Г-тун» имараты башка театрлар сыяктуу эле пуритан парламентинин буйругу м-н жок кылынган. 1868-ж. С. Парри Лондон-

«Глобус» театрынын галереясы (Лондон) ачылган.
1996-ж. 17-к-дагы театрдын көчүрмөсү түрүндө салынган.

до ушул эле аталыш м-н жаӊы имарат курган. Ал театр 1902-жылга чейин иштеген. 1996-ж. кайра курулган «Г.» театры Шекспирдин «Вероналык экөө» спектаклинин премьерасы м-н ачылган.
Ад.: Мюллер В. К. Драма и театр эпохи Шекспира. Л., 1925; Морозов М. Шекспир (Жизнь замечательных людей). М., 1947.