ГЛОРЬЁЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОРЬЁЗ – Инди океанындагы арал; Франциянын ээлиги (1892-жылдан). Мозамбик кысыгында жайгашкан аралдар тобуна кирет. Аянты 5 км2. Франция Респ-сынын жогорку комиссариаты тарабынан башкарылат. Арал – Мадагаскар м-н Сейшель а-нын ортосундагы талаш аймак. Эки атолл ж-а үч аскалуу арал түш.- батыштан түн.-чыгышка созулган рифти түзөт. Кеме токтоого өтө ыӊгайсыз. Деӊиз деӊг. бийикт. 12 м. Климаты тропиктик, деӊиздик ысык. Жыш токой ээлейт.