ВАСИЛЬЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАС́ИЛЬЕВКА – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. В. айыл округуна караштуу. Чүй д-нын сол жээгинде, деӊиз деӊг. 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору – Лебединовка кыш-нан 45 км түн.-батыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 40 км. 1903–05-ж. негизделген. Калкы 4000 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик-тех. окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП, дарыкана, клуб, китепкана, универмаг, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Сов. Союз. Баатыры И. А. Гришин туулган.