ГЛОТТОГЕНЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛОТТОГЕНЕ́З (гр. gоtta – тил ж-а ...генез) – адамдын табигый тыбыштык тилинин калыптануу процесси; тилдин келип чыгышы ж-дөгү филос., психол. көз караштардын уландысы. Комплекстүү маселе катары лингв. ыкмалардын ж-а адам ж-дөгү илимдердин жардамы м-н изилденет. Салыштырма-тарыхый метод тилдик топтордун баба тилинин болжолдуу формаларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет; ал эми тарыхый типология методу аркылуу негизги тилдик категориялардын калыптануу жолдорун аныктоого болот. Антропологиялык ж-а ага жакын илимдердин методдору адамдын азыркы типтеги табигый тыбыштык тили болжол м-н 100 миӊ жыл мурда пайда болгонун көрсөткөн. Г. теориясы лингвист-окумуштуулар А. Громбетти, Б. Розенкранц, антропологдор В. В. Бунак, Г. У. Хьюс, А. Либерман, палеоневролог В. И. Кечеткова тарабынан иштелип чыккан. 1984-ж. Парижде Г-ди изилдөө б-ча эл аралык борбор түзүлгөн.