ГЛУТАМИН КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛУТАМИ́Н КИСЛОТАСЫ, а-а м и н г л у т а р к-т а с ы, НООС–СН2 – СН2–СН(NH2)–COOH – дикарбон амин к-тасы. Түссүз кристаллдар; L-изомеринин
б. эрүү t 247–249°С (ажыроо м-н); D-изомери үчүн балкып эрүү t 313°С (ажыроо м-н); сууда, этанолдо начар эрийт, эфирде эрибейт. Хим. касиеттери б-ча Г. к. – кадимки алифаттык a-амин к-тасы. Ысытканда 2-пирролидон – 5-карбон к-тасын же пироглутамин к-тасын, Cu ж-а Zn м-н эрибеген туздарды пайда кылат. Пептиддик байланышты түзүүдө көбүнчө а-карбоксил тобу катышат. L-Г. к. бардык организмде эркин түрүндө ж-а белоктордун курамында кездешет. L-Г. к. + NH3 + АТФ 􀁬глутамин + + АДФ + Н3РО4. .
Бул реакция жаныбар ж-а кишинин NH3 алмашуусунда чоӊ роль ойнойт. Өнөр жайда Г. к. а-кетоглутар к-тасынан микробиол. синтез аркылуу алынат. Г. к-нын мононатрий тузу эттин даамына окшош болгондуктан, тамак-аш өнөр жайында, кальций ж-а магний туздары медицинада психикалык ж-а нерв ооруларын дарылоодо колдонулат. КР УИАнын Орг. химия ин-тунда Г. к-тасынын бир нече жаӊы туздары алынган.