ВАСУБАНДХУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата 2-tom>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСУБ́АНДХУ (316-ж. ч., Пурушапура, азыркы Пакистан, Пешавар – 396, Уттар-Прадеш штаты, Айодхья) – индиялык философ-буддист. Адегенде хинаяна мектептеринин бири – вайбхашик анын көз караштарында болгон. Андан соӊ махаянанын тарабына өтүп, йогачара мектебинин окутуучусу болуп калган. Анын башкы чыгармасы «Абхидхармакоша» жалпы эле вайбхашика ж-а хинаяна системаларынын компендиясы (негизги өзөгү сакталып, кыскартылган варианты) экенин кытайчага которулган тексттен табышкан. Ал йогачалардын филос. окуусун баяндаган – «Вижнаптиматратасиддхи» деген эмгегин жазган. Мындан тышкары философия маселелерин өз алдынча изилдеген чыгармалары арбын. В-га аталыштардын (ил. мектептердин логикалык изилдөөлөрүнө кыйла таасир көрсөткөн) проблемаларына кызыгуу мүнөздүү.