ГОЛЛИВУД

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЛИВУ́Д , Х о л л и в у д – Калифорния штатынын Лос-Анжелес ш-ндагы амер. кинематография борбору. 1908-ж. Калифорнияга «Граф Монте-Кристо» фильминин натуралык көрүнүштөрүн тартуу үчүн У. Зелигдин Чикагодогу фирмасынын анча чоӊ эмес тобу келет. 20-к-дын башталышында бул штатка киноаппаратурага берилген патенттин негизинде өлкөдөгү фильмдерди тартууну ж-а көрсөтүүнү монополизациялаштырып алган Т. А. Эдисондун Нью-Йорктогу «Моушн пикчерс пейтентс компани» («МППК») компаниясы м-н соттошуудан чочуган көптөгөн майда киноишкерлер өтө баштайт. Акырындап ага кинорежиссёрлор, актёрлор, тех. кызматкерлер келишип, кино өнөр жайынын өндүрүштүк базасы курулган. 1911-ж. мында алгачкы киностудия түзүлгөн. 1915-ж. «МППКнын» монополиясы жоюлгандан кийин деле Г. АКШнын кино өнөр жайынын борбору болуп кала берген. 20-к-дын 30-жылдарынын 2-жарымында 8 ири фирма («Метро-Голдвин-Майер», «Парамаунт», «20-кылым – фокс», «Коламбия», «РКО-Радио», «Уорнер разерс», «Юниверсал», «Юнайтед – артистс») жылына 500дөн ашуун фильм тарткан, 40-жылдардын башында алдыӊкы режиссёрлор социалдык курч маселелерге арналган фильмдерди коё баштаган. Г-дан көптөгөн атактуу киноактёрлор, кинорежиссёрлор чыгып, дүйнөлүк кино иск-восун байытууга зор салым кошушкан. «Кино жылдызы» деген түшүнүк ошол жерде пайда болгон. Г-да 20-к-дын 90-жылдарында Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде фильм тартылган.