ГОЛУБИН МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛУ́БИН МӨӉГҮСҮ, Ж и н д и - С у у м ө ӊ г ү с ү – Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Уз. 5,5 км, туурасы 400–500 мден 1000 мге чейин. Аянты 9,4 км2. Ала-Арча суусунун алабында. Кар чегинин бийикт. 3860 м. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4420 м, этеги 3400 м бийиктикте жайгашкан. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөӊгүдөн Ала-Арча суусунун оӊ куймасы – Жинди-Суу башталат. Мөӊгү геолог В. Н. Голубиндин ысмынан аталган.