ГОМЕОСТАЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМЕОСТА́З, г о м е о с т а з и с (гомео... ж-а гр. stfsis – кыймылсыз абал) – биол. системалардын касиеттери м-н курамынын сырткы өзгөрүштөргө карата туруктуулугун сактап калуу жөндөмдүүлүгү. Бул терминди 1929-ж. амер. физиолог У. Кеннон организмдин абалын ж-а туруктуулугун камсыз кылуучу процесстерге мүнөздөмө берүү үчүн сунуш кылган. Бирок, организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугу ж-дөгү түшүнүктү 1878-ж. фр. окумуштуу К. Бернар киргизген. Адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө Г-га суутек ионунун (рН), кан курамынын, осмос басымынын, дене темп-расынын, кан басымынын туруктуулугу ж. б. функциялар кирет. Аны нейро-гумор, гормон ж-а бөлүп чыгаруу механизмдери камсыз кылат. Өсүмдүктө суунун туруктуулугу жалбырак үтүнүн ачылып-жабылып турушу м-н сакталат.