ГОМЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМЕ́Р (б.э.ч. 9-к-да, туулган 8-к-да б.э.ч., Иос аралы) – туулган жери белгисиз – Байыркы Грекиянын легендарлуу эпикалык ырчысы (жомокчусу). Г-дин өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө так маалыматтар жок. Антикалык уламыштарга таянсак, Г. эл кыдырып эпос айткан сокур ырчы (рапсод) болгон; Г-дин мекени деп аталыш үчүн өз ара талашкан гректин жети шаарынын (Смирна, Хиос, Колофон,

Гомердин эллин доорундагы мрамор бюсту. Улуттук музей. Неаполь.

Саламин, Родос, Аргос, Афины) биринде туулган; б. з. ч. 12–7-к-дар аралыгында өмүр сүргөн. Адегенде көп сандаган эпостук чыгармаларга автор деп эсептелсе, кийинчерээк ага «Илиада» ж-а «Одиссея» деген поэмалардын авторлугу гана ыйгарылган. Г-дин жеке керт башы ж-а өмүрү, о. эле анын чыгармалары деп саналган «Илиада» м-н «Одиссеянын» чыныгы автору ким экени, качан жаралганы, кантип калыпка салынганы ж-дө талаш-тартыштар илимде Гомер маселеси деген татаал проблеманы туудурган. Ал проблема азыркыга чейин чечиле элек. Бирок ошол мезгилде Аристарх (б. з. ч. 2–1-к-дардагы Александрия илимпозу) Г. «Илиаданы» жаш чагында, ал эми «Одиссеяны» улгайган кезинде чыгарган деген тыянакка келген. Бул эки дастан тууралуу карама-каршы пикирлер айтылган. Француз илимпозу д’Обиньяк, немец илимпоздору Ф. А. Вольф (1759–1824) ж-а К. Лакхман бул эки дастанды бир акын жазган деген пикирге каршы, ал эл оозунда айтылган ырлардын гана жыйындысы деп айтышкан. Г-дин бул улуу туундуларына айтылган пикирлерге Ф. Шиллер, В. Гёте, Г. Гегель ж. б. каршы чыгышкан. Вольфтун каталыгын талдап, жазуу жок доордо мындай чоӊ чыгарманы жаратууга мүмкүн эмес деген пикирди немец илимпозу В. Нич (1830) четке каккан. Г-дин «Илиадасы» кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Илиада. Ф., 1989.
Ад.: Тронский И. М. История античной литературы. Л., 1957; Лосев А. Ф. Гомер. М., 1960; Маркин С. П. Гомер и его поэмы. М., 1962; Сахарный Н. Л. Гомеровский эпос. М., 1976.