ГОМИНИДДЕР
ГОМИНИДДЕР (лат. hominidae – адам) – примат тукумундагы түркүм. Г-ге азыркы типтеги (homo sapiens) ж-а арх. казуулардан табылган адамдар (питекантроп, неандерталь) кирет. Окумуштуулардын көбү Батыш Африкадагы австралопитек тегиндегилер ж. б. казылып алынган эки буттуу жогорку приматтарды Г. тукумуна таандык деп эсептешет. Айрым изилдөөлөр архантроптордон берки азыркы типтеги адамдарды гана Г-ге киргизишет. Илимде Г-дин келип чыгышын үчүнчүлүк доордун (3,5 млн жыл чамасында) аягына ж-а төртүнчүлүк доордун орто ченине (1 млн жыл мурда) ыйгарган да көз караштар бар. 1970–80-жылдарда Африканын экватордук аймагында жүргүзүлгөн антропологиялык изилдөөлөр Г-дин чыгуу теги м-н эвол. өнүгүү мезгилдерине көптөгөн жаӊылыктарды алып келди. Австралопитек тегиндегилер мындан 4,5–1 млн жыл мурда жашаган. Илим азыркы адамдын эвол. өнүгүшүн негизинен 3 мезгилге бөлөт: б. з. ч. 2,5 млн – 400 миӊ жыл мурда жашаган байыркы адамдар (к. Архантроптор), б. з. ч. 500 миӊ – 40 миӊ жыл мурда жашаган адамдар (к. Палеоантроптор) ж-а азыркы адамдын түпкү теги – неоантроптор (к. Кроманьондуктар). Адамдын пайда болушу м-н эвол. өнүгүшүнүн алгачкы мезгилдеринде биол. факторлор чечүүчү роль аткарса, акырындык м-н коомдук факторлордун ролу арткан.