ГОМОЛОГИЯ ОРГАНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОМОЛО́ГИЯ ОРГАНДАРЫ – келип чыгышы окшош, бирок формасы ж-а аткарган функциялары б-ча айырмаланган органдар. Мындай органдардын сырткы көрүнүшү бири-бирине окшобойт. Мис., бүчүр түрпүсү, бөрү карагаттын тикени – түрүн өзгөрткөн жалбырак, бирок жалбырактын функциясын аткарбайт, куш м-н жарганаттын канаттары – өзгөргөн алдыӊкы буттары. Ч. Дарвин 1859-ж. өзүнүн табигый тандалуу теориясында Г. о. организмдердин жалпы теги бирдейлигин көрсөтөрүн айткан, к. Аналогиялуу
органдар.