ГОМСТЕД-АКТ
ГО́МСТЕД-АКТ (англ. homestead – чарбак, участка) – АКШда жер кесип берүү ү ж-дөгү мыйзам. АКШдагы гражд. согуштун (1861–65) мезгилинде эл массасынын ж-а респ. партиянын радикал-демократчыл бөлүгүнүн кысымы м-н 1862-ж. май айында кабыл алынган. Бул мыйзамда АКШнын 21 жашка толгон ж-а Түш. тарабында Түндүккө каршы согушка катышпаган ар бир жаран 10 доллар төлөп, коомдук фондудан 160 акр (65 га) жер алуу укугу белгиленген. Г.-а. б-ча 115 млн га чамалуу жер берилген. Г.-а-ынын кабыл алынышы башка чаралар м-н бирдикте АКШнын а. ч-нда капитализмдин өнүгүшүнүн «америкалык» фермердик жолунун жеӊиши болгон.