ГОНЧАРОВ
ГОНЧАРО́В Виктор Васильевич (18. 6. 1939-ж. т., Москва) – милициянын генерал-майору (1984). Москва мамл. ун-тинин юридика ф-тин (1966), СССР ИИМдин академиясынын 2 жылдык курсун бүтүргөн. 1965–67-ж. Москва шаардык ички иштер башкармалыгында тергөөчү, 1967–69-ж. Ленин райкомунда (Москва ш.) инструктор, 1969–74-ж. Москва ш-нда инструктор, 1974–87-ж. СССР ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгында оперуполномочен, бөлүмдүн төрагасы, КПСС БКда бөлүм инструктору,

СССР ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгында төраганын 1-орун басары, 1987–91-ж. Кыргыз ССРинин Ички иштер министри. 1991–95-ж. РФ ИИМде транспорт милиция башкармалыгын жетектеген. Медалдар м-н сыйланган.