ГОРИЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОРИ́ЛЛА (Gorilla) – киши сымал ири маймылдар тукумунун уруусу. Эркегинин бийикт. 1,8–2,0 м, далысынын жазылыгы 1 мге жакын, салмагы 200–250 кг ж-а андан ашык болот. Ургаачысы эркегинен 2 эсе кичине. Тулкусу олбурлуу,

булчуӊдары жакшы өөрчүгөн, күчтүү. Жүнү, териси кара түстө, арткы буту алдынкы буттарынан кыска, башы чоӊ, дөӊ маӊдай. Көзү, кулагы анча чоӊ эмес, бети алдыга созуӊку, алдынкы жаагы чоӊ, тиштери ири. Бир түрү, 3 түрчөсү бар. Батыш ж-а Борб. Африканын калыӊ экватор токойлорунда, Конго суусунун алабында жашайт. Анча көп эмес топ түзүп, ага эркеги башчылык кылат. Өсүмдүк м-н гана азыктанат. Ургаачысы 6–7, эркеги 8–10 жашында жыныстык жактан жетилет. 3–5 жылда бир бала тууйт. Саны азаюуда, ТКЭСтин кызыл китебине катталган.