ГОРЬКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́РЬКИЙ Максим (чыныгы аты-жөнү – Алексей Максимович П е ш к о в) [16(28). 3. 1868, Нижний Новгород – 18. 6. 1936, Москванын жаны, Горки] – жазуучу. Өз алдынча окуп билим алган. Ата-энесинен эрте ажырап, өспүрүм чагынан көрүнгөндүн колунда жүргөн. Народниктердин жашыруун ийримине катышып, жумушчу-дыйкандар арасында үгүт-насаат иштерин жүргүзгөн. 1889-жылкы камактан кийин полициянын көзөмөлүнө түшкөн. 1888–89- ж-а 1891–92-ж. Россиянын көп жерин кыдырып чыккан. Туӊгуч жарык көргөн аӊгемеси – «Макар Чудра»

М. Горький. И. И. Бродский тарткан портрет. 1935.

(1892). Очерк, аӊгемелеринде мещандарды ашкерелеп, жарды-жалчы м-н жумушчулардын мүдөөсүн жактаган. Реалисттик аӊгемелеринде («Коновалов», «Челкаш» ж. б.) жаӊы социалдык-саясий аӊ-сезимдин белгилерин, жекече бунтарлыктын түбү боштугун көрсөткөн. Г-дин айтылуу аллегориялык, романтикалык образдары («Изергиль кемпир», 1895; «Шумкар жөнүндө ыр», 1899; «Бороон кабарчысы жөнүндө ыр», 1901) рев-ялык пафоско жык толгон. Г-дин ошол учурдагы романдары м-н пьесаларында реализм калыптана баштайт («Фома Гордеев», 1899; «Үчөө», 1900). 1899–1900-ж. Л. Н. Толстой ж-а А. П. Чехов м-н таанышат. Алар Г-дин талантына жогору баа беришкен. Рев-я күчөгөн жылдарда анын пьесаларынын Москва көркөм театрында коюлушу коомдук зор окуяга айланып, падышачылыкка каршы манифестациялардын чыгышына себеп болот. «Мещандар» (1901) пьесасында орус жумушчусу биринчи жолу тарыхтын жаӊы каарманы катары көрсөтүлсө, «Түпкүрдө» пьесасы (1902) м-н «Адам» лирикалык поэмасында (1903) адамдын улуулугу, чыгармачыл эс-акылы даӊазаланат. 1905-ж. рев-ялык иши үчүн Г. Петропавловск чебине камалып, андан дүйнөлүк коомчулуктун кысымы м-н бошотулган. 1905–07-ж. рев-я мезгилинде «Душмандар» пьесасын ж-а «Эне» романын жазган. Ал роман көп тилдерге которулган. 1906–13-ж. Г. Италияда (Капри а-нда) жашаган. 1910-жылдарда «Италия жөнүндө жомокторун» (1910–11), таржымал повесттерин жазган. Ал 1913-ж. Россияга кайтып келген. «Звезда», «Правда» гезиттеринин ж-а «Просвещение» журналынын ишине катышкан. 1914-жылкы дүйнөлүк согушту айыптап, ага каршы «Летопись» журналын негиздеген. 1918–21-ж. «Всемирная литература» басмасын уюштурган. 1922-ж. таржымал чыгармасынын уландысы «Менин университеттерим» повестин жазган. Ошол эле жылдары ал Л. Н. Толстой, А. П. Чехов, В. Г. Короленко, Л. Б. Красин ж. б-дын адабий портреттерин жараткан. 1925-ж. жарыяланган «Артамоновдордун иши» романында 1861-жылкы реформадан Октябрь рев-ясына чейинки бурж. үй-бүлөнүн тарыхы баяндалган. 1920–30-ж. Г. тынчтык, демократияны бекемдөө, ад-тта реализм методун жайылтуу үчүн зор иштерди жүргүзгөн; сов. жазуучулардын Бүткүл союздук 1-съездин (1934) уюштуруп, ага жетекчилик кылган; СССР элдеринин ад-тынын өсүп-өнүгүшүнө зор көмөк көрсөткөн. «Егор Булычов жана башкалар» (1932), «Достигаев жана башкалар» (1933), «Васса Железнова» (1935, 2-редакциясы) пьесаларын жазган. Г-дин эӊ акыркы чыгармасы – «Клим Самгиндин өмүрү» (1925–36; төртүнчү бөлүгү бүтпөй калган) деген роман-эпопея. Мында орус турмушунун кырк жылдык тарыхый окуялары, доордун курч идеялык-коомдук күрөшү ж-а карама-каршылыктары рев-ялык өнүгүштө сүрөттөлгөн. Г. көркөм сөздүн улуу сүрөткери гана эмес, залкар публицист ж-а сынчы болгон. Улуттук мад-т үчүн эмгектин ролу, фольклордун мааниси ад-ттын активдүү гуманизми ж-а элдүүлүгү ж-дөгү Г-дин ой-пикирлери реализмдин теор. негизин түзүүдө зор таяныч болгон. Г-дин чыг-лыгынын дүйнөлүк мааниси бар. Кыргыз совет ад-тынын жаралышы ж-а калыптанышы, анын негизги идеялык эстетикалык принциптери м-н жанрларынын иштелип чыгышы үчүн Г-дин адабий ж-а теор. Мурастары өтө чоӊ роль ойногон. Г-дин чыгармаларын которууда У. Абдукаимов, К. Баялинов, С. Бектурсунов, М. Дөгдүров, Х. Карасаев, Т. Саманчин ж. б. көп эмгек сиӊиришкен.
Чыг.: Собр. соч., Т. 1–30. М., 1949–56; Архив А. М. Горького. 1–30. М., 1939–71; Чыгармалар жыйнагы. 1–7-т. Ф., 1956–61; Эне. Ф., 1952; Балачак. Ф., 1954; Көрүнгөндүн колунда. Ф., 1954; Менин университеттерим. Ф., 1958.
Ад.: Самаганов Ж. Максим Горький. Ф., 1966; Бурсов Б. Роман М. Горького «Мать» и вопросы социалистического реализма. М.; Л., 1962.