ГОТТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОТТОР , г о т о н д о р (лат. Gothi, Gothones) – чыгыш германдар уруусу. Б. з. башында Балтика деӊизинин түш. жээгинде ж-а Висланын (төмөнкү агымы) боюнда, 3-к-да Кара деӊиздин түн. жээгинде жашашкан. Г. уруусунун өсүшүнө Кара деӊиздин түш.-батышындагы шаарлардын ж-а скиф-сармат урууларынын мад-ты чоӊ таасир тийгизген. Башка уруулар м-н бирдикте Г. Рим империясынын аймактарына талоончул жортуулдарды уюштуруп турушкан. 4-к-да алар христиан динин (арианчылык) кабыл алышкан. Г. остготтор (Днепрдин төмөнкү агымында), вестготтор (Днестрдин төмөнкү агымында) болуп бөлүнгөн. Остгот королу Эрманарих жетектеген Г-дун уруу союзу 375-ж. хунндар тарабынан талкалагандан кийин, алар биротоло экиге бөлүнүп кетишкен.