ГРАВИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРА́ВИЙ (фр. gravier – кум), ш а г ы л – тоо тектердин ж-а чанда ар түрдүү минералдардын аздыр-көптүр жумурланган сыныктарынан туруучу борпоӊ чөкмө тоо тек. Майда (1–2,5 мм), орточо (2,5–5 мм), кесек (5–10 мм), ал эми пайда болушуна карай дарыя, деӊиз ж-а мөӊгү Г-лери деп бөлүнөт. Г. – баалуу курулуш материалы. Курулушта ж-а шоссе жолдорун курууда пайдаланылат. Камдашып катууланган Г. – гравелит деп аталат.