ГРАДАЦИЯ
ГРАДА́ЦИЯ (лат. gradatio – акырындап көтөрүлүү, gradus – баскыч, даража) – бирдей сөздөрдүн же сөз айкаштарынын (образ, салыштыруу, метафора ж. б.) маани ж-а эмоциялык жактан улам жогорулап чыӊалышын же басаӊдап жанышын туюнтуучу стилистикалык фигура; белгилүү бир окуянын сүрөттөлүшүн ыргак м-н уламдан-улам күчөтүүчү стилдик ыкма. Г. поэзияда көбүнчө ойдун куплеттен куплетке карай өнүгүп отурушу үчүн колдонулат. Прозалык чыгармаларда да белгилүү бир ойдун улам такталып, улам күчөтүлүп отурулушу м-н да Г. түзүлөт.