ВАТТО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАТТ́О Жан Антуан (10.10.1684, Франция, Валансьен – 18.7.1721, Парижге жакын Ножан сюр-Мари) – француз сүрөтчүсү, живописчи, график. Королдук көркөм сүрөт академиясынын

А. Ватто. «Мецетен». 1718-ж. чен. Метрополитен музей (Нью-Йорк). мүчөсү (1717). Анын чыг-лыгынын өркүндөшүнө, көз карашынын калыптанышына П. П. Рубенстин чыгармаларынын таасири тийген. 1717-ж. «Киферу аралына зыярат» (Париж, Лувр) аттуу чоӊ сүрөтү үчүн академик наамын алган. «Суур кармаган Савояр» (1716, Ленинград, Эрмитаж), «Жоокердик өргүү» (Москва, Мамл. көркөм сүрөт иск-во музейи) ж. б. туӊгуч чыгармалары В-ну көрүүчүлөргө таанымал кылган. Көрүнүктүү эмгектери: «Э. Ф. Жерсендин дүкөнчөсүнө илинген такта» (1720, Мамл. музейлер, Берлин), «Кыштактагы үйлөнүү тою», «Махабат майрамы» ж. б. Ад.: Немилова И. С. Ватто и его произведения в Эрмитаже. Л., 1964; Федотова Е. А. Ватто. М., 2002.