ГРАДУСТУК ТОРЧО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАДУСТУК ТОРЧО Ж е р д и н – геогр. карталардагы ж-а глобустардагы меридиандар (узундук) м-н параллелдердин (кеӊдик) системасы. Ал жер бетиндеги чекиттердин геогр. координаталарын аныктоо үчүн колдонулат. О. эле объектилерди геогр. координата б-ча картага түшүрүү үчүн да пайдаланылат. Г. т-до меридиандын бардык чекиттери бирдей узундукка, ал эми параллелдики бирдей кеӊдикке ээ болот.