ГРАММ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММ (фр. grоmme, лат. ж-а гр. gramma – салмактын эӊ кичине өлчөмү) – масса бирдиги. СГС бирдиктер системасындагы массанын негизги чен бирдиги, СИде массанын үлүштүк бирдиги (0,001 кг). Г. килограмм эталону аркылуу анын миӊден бир бөлүгү катары аныкталат. 1 г бул 0,2%ке жакын тактык м-н алынган 1 см3 хим. таза суунун эӊ чоӊ тыгыздыктагы (темп-расы 4°Сге жакын) массасына барабар.