ГРАММАТИКАЛЫК МААНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:43, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРАММАТИКАЛЫК МААНИ – айрым сөздөрдүн өзүнө гана же алардын бир нечесине же бүтүндөй бир тобуна тиешелүү болуп, алардын граммат. табиятын аныктоого мүмкүндүк берген маани. Г. м. ар түрдүү граммат. каражаттардан турат, белгилүү сөз түркүмдөрүнүн тобуна жалпы тийиштүү болуп, аларды экинчи бир граммат. касиетке ээ болгон топтон айырмалоого мүмкүндүк берет.