ВАХТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АХТА (нем. Wacht – кароол, сакчы) – 1) кемелерди согушка даярдыкта кармап туруу ж-а сүзүү коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кораблдердеги, кемелердеги күзөттүн негизги түрү. Аскер кораблиндеги В. ж а л п ы к о р а б л д и к ж-а а т а й ы н болуп бөлүнөт. О. эле күзөттүн нөөмөт өтөө мезгилинин ортосундагы аралык да В. деп аталып, анын узактыгы 6 саатты түзөт. Эӊ татаалы болуп 0.00дөн 4.00гө чейинки 1-түнкү В. саналат. Ошондон улам дүйнөнүн бардык флотторунда аны образдуу түрдө «ит» деп аташат. Өздүк курамды сменага бөлүштүрүү так расписание б-ча жүргүзүлөт. 2) Кораблдин (кеменин) өздүк курамынын бир бөлүгүнүн эскиче аталышы. 19-к-га чейин кораблдин командасы экиге бөлүнүп, корпустун оӊ жагына биринчи, сол жагына экинчи В. жайгашчу.