ГЕРЕЗ МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРЕЗ МӨӉГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. тармагы – Кара-Бел тоосунун чыгыш капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөӊгү. Сох суусунун сол куймасы – Ак-Теректин алабында. Уз. 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5400 м, этеги 3560 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4546 м. Абляция облусунун аянты 1,9 км2. Бетинде бузулган мөӊгүлөр, жаракалар ж-а омурулган муздар кездешет. «Тилинин» учу морена м-н капталган. Мөӊгүдөн Герез суусу агып чыгып, Ак-Теректин сол куймасы – Матчага куят.