ГЕРМЕС-ПРОФИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРМЕС-ПРО́ФИ – Кыргыз Респ-нын профессионалдык спорт клубу. 1996-ж. А. Воинов уюштурган ж-а жетекчиси. Г.-П. спорт клубу кикбоксинг ж-а ушу-санда б-ча тандалып алынган спортчуларды машыктырат. Бул клубдун негизги демилгеси спортко кызыккандардын ден соолугун чыӊдоо, спортко болгон сүйүүсүн бекемдөө, дүйнөгө таанымал спорт чеберлерин даярдоо ж-а аларды коомдогу терс көрүнүштөрдөн (наркомания, алкоголь ж. б.) арылтуу. Г.-П-инин

Кикбоксинг б-ча Бишкекте өткөрүлгөн дүйнө чемпионатына
(1999) катышкан Кыргызстан спортчулары.

спорт чеберлери дүйнө чемпионатына (1995, Киев; 1997, Белград; 1999, Бишкек; 2001, Италия; 2003, Украина); Европа чемпионатына, дүйнө кубогунун биринчилигине ж. б. эл аралык мелдештерге катышып келүүдө. Ал Кыргыз Респ-на эмг. сиӊ. 6 спорт чеберин ж-а 10дон ашык дүйнө чемпиондорун даярдаган. Дүйнөнүн биринчи чемпиону Кырг-дан Ш. Шабанов, андан соӊ – Ж. Амантаев, М. Борбашев, А. Ибраев, И. Мамбетов, Р. Абасов, М. Сүйүнбаев, А. Порсуков, У. Худояров, Т. Дүйшекеев, К. Сыдыгалиев ж. б. Клубдун демилгеси м-н Кырг-нда 10 эл аралык беттеш, 20дан ашык эл аралык турнир, а. и. эӊ көрүнүктүүсү «Кикбоксинг боюнча Королдордун Королу» турнири (кикбоксинг б-ча королдордун таажысына Ш. Шабанов ж-а Ж. Амантаев алгачкылардан болуп арзыган) ж-а кикбоксинг б-ча XII дүйнө чемпионаты өткөрүлгөн (Бишкек, 1999). Бул чемпионатка 30дан ашык мамлекеттердин спортчулары катышып, Кыргыз Респ-нын курама командасы (4 алтын медаль) жалпы командалык эсепте 1-орунга татыган. Учурда Г.-П. спорт клубу жаӊы спорт чеберлерин даярдоодо.
Б. Үсөнканов.