ГЕРОНТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕРОНТОЛО́ГИЯ (гр. gtron – карыя ж-а ...логия) – медицина-биол. илимдердин тирүү организмдин картаюусуна себеп болгон ж-а аны коштогон биол. механизмдерди ж-а процесстерди, о. эле картаюуну кечеӊдетүүчү, өмүрдү узартуучу методдорду изилдөөчү тармагы. Ал гериатрия (кары организмдеги оорунун өзгөчөлүгү), герогигиена (карылардын гигиенасы) ж-а геронтопсихология (карылар психологиясы) болуп бөлүнөт. Г. молекула ж-а ткандардан баштап, бүткүл организмге чейин картаюунун себептерин ж-а пайда болушун изилдейт. Анын өсүшү негизинен үч (эксперименттик, клиникалык ж-а социалдык) багытта жүргүзүлөт. Изилдөөлөрүндө клиникалык, биол., биохим., биофиз., физиол. ж. б. методдорду колдонот.