ВАШИНГТОН Жорж

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АШИНГТОН 1 Жорж (22. 2. 1732, Виргиния штаты, Уэстморленд – 14. 12. 1799, Виргиния штаты, Маунт-Вернон) – АКШнын мамл. ишмери, Түндүк Америкада көз карандысыздык үчүн болгон согушта (1775–83) амер. армиянын башкы командачысы, АКШнын туӊгуч президенти

(1789–97). Ири плантатордун үй-бүлөсүндө туулган. 1751-ж. майор, 1756–63-ж. Жети жылдык согуш учурунда полковник наамын алып, Виргиния штатынын милициясынын (ыктыярдуу бөлүк) командачысы болгон. 1759-ж. отставкага чыгып, Виргиниянын гражд. палатасынын мүчөсү ж-а Фэрфакс графтыгынын судьясы кызматын аткарган. 1774–75-ж. Континенттик конгресске Виргиниянын атынан шайланган. 1775-ж. Континенттик армиянын башкы командачысы болуп дайындалган, жөндөмдүүлүгүн ж-а туруктуулугун көрсөтүп, эл арасында бедели көтөрүлгөн. 1776-ж. Бостонду курчоодо, Нью-Йоркту коргоодо, Йорктаунду алууда таланттуу аскер башчы катары таанылган. 1783-ж. В-го таажы кийүүнү сунуш кылган монархисттик көз караштагы офицерлердин аракетин колдоону четке каккан. 1787-ж. В-дун жетекчилиги м-н АКШнын Конституциясы иштелип чыккан, кийин киргизилген бир кыйла өзгөрүүлөрү м-н ал бүгүн да күчүндө. Конституция штаттар тарабынан ратификациялангандан кийин, 1789-ж. шайлоочулар аны бир добуштан АКШнын президенттигине шайлашкан (1792-ж. экинчи мөөнөткө кайра шайланган). Үчүнчү жолу шайлоого баруудан баш тартуу м-н, В. конституциялык прецедент түзгөн. В. күчтүү федералдык бийлик органдарын түзүүнү ишке ашырган, өлкөнү башкарууда президенттин ролун жогорулаткан. Эл аралык аренада В. бейтарап саясатты жактаган. 18-к-дагы Франциядагы рев-яны колдогон, бирок Людовик ХVI өлтүрүлгөндөн кийин, ага карата мамилесин өзгөрткөн. Эл аралык аренада бейтараптык саясатын жүргүзгөн. 1793-ж. президенттиктен кетип жаткандагы кайрылуусунда президент амер. жарандарды кимдир бирөөнү колдоп, эл аралык чатактарга катышпоого чакырган. В. кулчулукту бара-бара жоюуга тарапкер болгон, керээзи м-н өз менчигиндеги кулдарга азаттык берген. В-дун урматына АКШнын борбору ж-а бир штат аталган. Ад.: Яковлев Н. Н. Вашингтон. М., 1973.