ГЕШТАЛЬТПСИХОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЕШТАЛЬТПСИХОЛО́ГИЯ , г е ш т а л ь т т е о р и я (нем. Gestalt – түр, кебете, бүтүндүк ж-а психология) – азыркы психологиядагы башкы багыттарынын бири, интроспекциялык (өзүн өзү байкоо) психологиясына каршы теория катары жаралган. Маӊызы – психол. татаал кубулуштарды талдоого алганда бүтүндү бүткүл курамы м-н бирге кароо зарылдыгын сунуштайт. 20-к-дын башында Германияда пайда болгон. Г-нын башкы өкүлдөрү – немец психологдору М. Вертхеймер, В. Кёлер, К. Коффка, К. Левин психиканын негизги элементин сезим эмес, кандайдыр бир психикалык курумдар же гештальттар түзөт деп эсептешкен. Г-да бүтүндү бөлүктөрдүн суммасы катары кароого болбойт деген тезис бар. Ал өзүнүн теориялык ырастамасын алган. Айталык, бөлүктөрдүн өзгөрүүлөрү суммага төп келбей калышына алып келген күндө да, жалпысынан бүтүндүн толук сакталышы аныкталган. Бул гештальтсапат аталган бөлүктөр тийиштүү функцияга ээ. Бүтүндүн куруму функциялуу ж-а динамикалуу. Бүтүн өзүндөгү ички күчтүн динамикалуу таасири астында олуттуу нерсеге өтүп кетүүсү мүмкүн. Кийинчерээк Г-нын идеясы физ., физиол. ж-а экон. көрүнүштөргө да таркатылган.