ГЁТЕБОРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЁТЕБОРГ , Й е т е б о р г – Швециянын түш.-батышындагы шаар. Гёта-Эльв д. Каттегат кысыгына куйган жерде жайгашкан порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). Гётеборг-Бохус ленинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 573,0 миӊ (2017), шаар айланасы м-н 700 миӊден ашык). Өлкөдөгү чоӊдугу б-ча 2-шаар. Швециянын Батыш Европага ж-а Атлантика океанына чыккан деӊиз дарбазасы. Кеме, автомобиль куруу, подшипниктер, нефть ажыратуу, нефтьхим. өнөр жай ишканалары иштейт. Ун-т, чоӊ театр (1859), деӊиз, сүрөт, археол., этногр., тарых музейлери бар. 17-к-дын башында негизделген. Собор (классицизм стилиндеги, 1802–15), форттор, ратуша (17–19-к.), Ост-Индия компаниясынын имараты (1740-ж. чен) сакталган.