ГИБРАЛТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИБРАЛТА́Р – Улуу Британиянын Пиреней жарым аларлынын түштүгүндөгү ээлиги (1713-жылдан). Гибралтар кысыгында; аскалуу жарым аралды ж-а Пиреней жарым аралын аска м-н туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км2. Калкы 29,5 миӊ (2020). Расмий тили – англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деӊиз ж-а аскер-аба базаларын, транзиттик портту ж-а чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын 1/2 – нефть. Док, кампа, нефть сактагычтар, калкты ж-а горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы ж-а кеме оӊдоочу ишканалары бар. Г. Кальпе деген аталыш м-н байыр кы гректерге ж-а римдиктерге белгилүү болгон. 8-к-да Г-да арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеӊип алуучусу – Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Г. 1309–33 ж-а 1462-ж. Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы ж-а Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Г-ды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-к-дагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- ж-а 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Г-ды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-ж. май айында Г-дын жаӊы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Г-дагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-ж. 30-июлдагы шайлоодо Г-дын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-ж. күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Г-да теӊ укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган.
Г. Бакасова.