ГИГАНТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИГАНТИ́ЗМ – гипофиздин алдыӊкы бөлүгү өсүү гормонун көп чыгарганда кишинин боюнун күчөп өсүшү. Г-ди бийик бой м-н алмаштырууга болбойт. Аны м-н ооругандардын ата-энесинин бою нормада болот. Көбүнчө эркектерде 9–10 жашында же жыныстык жетилүү убагында байкалып, бүт физиол. өсүү мезгилине созулат. Алардын ден соолугу начар болот, башы ооруйт, алы кетет, бат чарчайт, буту, колу ооруйт. Булчуӊдары адегенде күчтүү болуп, кийин алсызданат; эске тутуусу, психикасы начарлайт, жыныс функциясы бузулат. Дене түзүлүшү пропорциясыз болуп, буту узун, башы кичине көрүнөт. Дарылоодо гормон дарылары м-н рентген терапияны айкалыштыруу жакшы натыйжа берет.