ВАШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

В́АШИНГТОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1921–22 ) – 1-дүйнөлүк согуштан кийинки Ы. Чыгыштагы күчтөрдүн өз ара катнашын белгилеген конф-я. АКШнын демилгеси м-н 1921-ж. 12-ноябрдан 1922-ж. 6-февралга чейин Вашингтондо өткөн. В. к-на АКШ, Улуу Британия, Кытай, Япония, Франция, Италия, Нидерланд, Бельгия ж-а Португалия мамлекеттери катышкан. Конф-яда Париж тынчтык конференциясынан (1919–20) кийинки талаш суроолорду чечүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлган. В. к-да кабыл алынган документтер: Т ө р т д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция ж-а Япония) Тынч океандагы аралдардагы ээликтер ж-а конфликттүү кырдаалдарда өз ара макулдашылган чечимдерди кабыл алуу тууралуу; ага 1921-ж. 13-декабрда кол коюлган. Б е ш д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и н д е (АКШ, Улуу Британия, Япония, Франция ж-а Италия) деӊиз куралдуу күчтөрүн чектөө маселеси каралган. Келишимге 1922-ж. 6-февралда кол коюлган. Келишим биринчи кезекте АКШ, Япония ж-а Улуу Британиянын кызыкчылыктарына жооп берген; ага кол койгон державалар 10 жылга ири кемелерди (линкорлорду) курууга мораторий жарыялаган ж-а бул класстагы кемелердин өз ара катышын (5:5:3:1, 75:1,75 ) аныктаган. Т о г у з д е р ж а в а н ы н к е л и ш и м и (АКШ, Улуу Британия, Франция, Япония, Италия, Бельгия, Нидерланд, Португалия ж-а Кытай). Буга 1922-ж. 6-февралда кол коюлган. Өлкөлөр «ачык эшик» принцибин сактоо м-н (к. «Ачык эшик» доктринасы) Кытайдын суверенитетин урматтоо, аймактык ж-а админ. жактан кол тийбестигин сактоо тууралуу макулдашышкан. В. к-н өткөрүүнүн демилгечиси катары чыгуу м-н АКШ державалардын Тынч океан аймагында макулдашылган саясат жүргүзүүсүнө жетишип, Япониянын Кытайдагы таасирин төмөндөтүүгө ж-а Кытайды эксплуатациялоодо АКШнын ролун жогорулатууга, о. эле биринчи орунда турган Улуу Британиянын аскер-деӊиз күчүн чектөөгө умтулган. Конф-янын катышуучуларынын алдындагы маанилүү маселелердин бири – аймактагы рев-ялык ж-а улуттук-боштондук күрөштү болтурбоо болгон. Ошондуктан, В. к-на Сов. Россия чакырылган эмес, ал эми өз демилгеси м-н келген Ы. Чыгыш Респ-нын делегациясы конф-яга киргизилген эмес. В. к-нда кабыл алынган чечимдер Версаль тынчтык келишимин (1919) толуктап, Версаль-Вашингтон системасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн. Бирок, В. к-нда жетишилген теӊ салмактуулук абал узакка созулган эмес. Конф-я аяктары м-н Япония анда кабыл алынган чечимдерди кайрадан карап чыгуу саясатын баштаган ж-а 1931-ж. анын Кытайга кол салышы м-н конф-янын чечимдери күчүн жоготкон.