ВВЕДЕНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:42, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВВЕД́ЕНСКИЙ Борис Алексеевич [7(19).4.1893, Москва – 1.6.1969, ошол эле жер] – орус радиофизиги, СССР ИАнын академиги (1943; корр. мүчө, 1934). Соц. Эмг. Баатыры (1963). Москва ун-тин бүткөндөн кийин (1915), ил.-из. мекемелерде, 1927–35-ж. Бүткүл союздук электр-тех. ин-тта, 1941–44-ж. СССР ИАнын Физика ин-тунда иштеген. 1946–51-ж. СССР ИАнын тех. илимдер бөлүмүндө академик-секретарь, 1944–53-ж. СССР ИАнын радио тех. проблемаларды изилдөө б-ча секциясына төрага, 1951–69-ж. БСЭнин (Большая советская энциклопедия) 2- ж-а 3-басылышына Башкы редактор. Негизги эмгектери ультракыска диапазондогу радио толкундардын (УКТ) таралышын ж-а УКТ техникасын изилдөөгө арналган. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1952). Үч Ленин ж. б. ордендер м-н сыйланган. Ад.: Аршавский И. А. Н. Е. Введенский. 1852–1922. Л., 1950.