ГИДРОГЕНДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОГЕНДӨӨ, г и д р л ө ө – ар кандай заттарга суутектин кошулуу реакциясы. Көбүнчө Н–Н байланышынын энергиясы жогору болгондуктан, мол. суутек м-н гидрлөө эрежеге ылайык жогорку басымда ж-а катализатордун катышуусунда ишке ашат. Катализатор катарында металлдар (Fe, Ni, Co, Pt, Os, Ru), оксиддер (CoO, Cr2O3, MoO2, PtO2, NiO), сульфиддер (WS2, MoS2) ж-а аралаш катализаторлор колдонулат. Г. реакциясы кош байланыштуу орг. бирикмелер үчүн өзгөчө мааниге ээ, мис., бензолду Г-дөн – циклогексан, нафталинден тетралин ж-а декалин, май альдегидинен бутанол алынат. Көмүртек оксидин Г. метанолду ж-а суюк отундун жогорку октандык компоненттерин алуунун негизги жолу болуп саналат. С=С байланыштарына суутектин кошулушу өсүмдүк майын катуу майга (маргаринге) айландырууда, таш көмүр ж-а нефть продуктуларын кайрадан иштетүүдө кеӊири колдонулат.