ГИДРОЛОКАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОЛОКА́ЦИЯ (гидро... ж-а лат. Lokatio – жайгашуу) – үн толкунунун жардамы м-н суу алдындагы объектилердин жайгашуу ордун, ылдамдыгын ж-а аларга чейинки аралыкты аныктоо. Объектилердин абалын аныктоо алардан чыккан үн сигналдары (пассивдүү локация) же аларга атайын жиберилген үн сигналдарынын суу алдындагы объектилерден чагылышы (активдүү локация) аркылуу жүргүзүлөт. Сууда үндүн таралуу ылдамдыгы, нурлануу моменттерин ж-а үн сигналын кабыл алуу убактысы б-ча объектиге чейинки аралык, кайра чагылып келген сигналдын багыты б-ча объектиге карай багыт аныкталат. Г. кемелерди (суу алдындагы кайыктарды) байкоодо, балыктардын үйүрүн, деӊиз ж-а океандын түбүн изилдөөдө пайдаланылат.