ГИЛБЕРТ, Хильберт Давид

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИ́ЛБЕРТ, Хильберт Давид (23.1.1862, Кёнигсбергке жакын, Белау – 14. 2. 1943, Гёттинген) – немец математиги. СССР ИАнын чет элдик корр. мүчөсү (1922), чет элдик ардактуу мүчөсү (1934). Кёнигсберг ун-тин бүтүргөн (1895). Гёттинген, Кёнигсберг ун-ттеринин проф. (1895–1930). Негизги эмгектери инварианттар теориясына, алгебрага, сандар теориясына, геометрия негиздерине, Дирихле принцибине ж-а ага жакындашкан вариациялык эсептөө проблемасы м-н дифференциал теӊдемесине, интегралдык теӊдемелер теориясына, сандар теориясындагы Варинг проблемасын чыгарууга, матем. физика негиздерине, математиканын логикалык негиздерине арналган. Г. түзгөн симметриялуу ядролуу интегралдык теӊдеме теориясы азыркы функциялык анализдин ж-а сызыктуу оператордун спектр теориясынын негизин түзгөн. Анын «Геометриянын негиздери» деген эмгеги (1899) геометрияны аксиомалык түзүүдө үлгү катары колдонулган. Н. И. Лобачевский атн. эл аралык сыйл. лауреаты.