ГИРЛЯНДА
ГИРЛЯ́НДА (итал. ghirlanda – венок, гирлянда) – жер-жемиш, гүл, жалбырактардан токулган, эшилген, өрүлгөн, скульптуралык, живопистик, графикалык, мозаикалык ж. б. сүрөттөлүш. Г. антика, Кайра жаралуу ж-а кийинки доорлордо жасалга элементи катары колдонулган.