ГИСТОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИСТОЛО́ГИЯ (гр. histjs – ткань ж-а ...логия) – айбанат ж-а кишинин ткандары ж-дөгү илим. «Г.» терминин илимге немец илимпозу К. Майер киргизген (1819). Г. ткань эволюциясын түшүндүрүү, организмдин өсүүсүн (гистогенез), клетка функциясын ж-а ар кыл ткандардагы клеткалардын өз ара байланышын ж. б. изилдейт. Г. өзүнчө илим катары 19-к-дын 30-жылдары өөрчүгөн. Ал мезгилде микроскоп өркүндөтүлүп, ткань даярдоо техникасы бир кыйла өнүккөн. 1839-ж. немис биологу Т. Шванн аныктаган клетка теориясы Г. методологиясына негиз болгон. 19-к-дын 2-жарымы – 20-к-дын башында эпителий тканы, ички ткань, булчуӊ тканы, нерв ткандары ж-дө маалымат алынган. Г. жалпы ж-а айрым болуп бөлүнөт. Ж а л п ы Г. ар кыл типтеги клеткага таандык өнүгүү процессин, дифференцияга туруктуулугун сактоо механизмин ж-а анын өзгөрүүсүн түшүндүрөт. Жалпы түйүлдүктүн өөрчүшүндөгү ткандын түзүлүү гистогенезин, о. эле жаныбар тканынын жаӊырып турушун (жараат, үшүк ж. б.) изилдейт. А й р ы м Г. органдын Г-лык ж-а клеткалык структурасын, гистохим. ж-а гистофизиол. өзгөчөлүктөрүн билип, жыйынтыктап, органдын кыймыл-аракетин аныктайт. Ад.: Епифанова О. И. Гормоны и размножение клеток. М., 1965; Иванов И. Ф., Ковальский П. А. Цитология, гистология, эмбриология. М., 1969.