ГЛАГОЛИЦА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАГО́ЛИЦА – эӊ байыркы эки славян алиппесинин бири. Тамгалардын курамы, тыбыштык туюнтулушу, орун тартиби, аталышы жагынан Г. кириллицадан анча айырмаланбайт; экөөнүн айырмасы тамгалардын тышкы сөлөкөтүндө (формасында) гана болгон. Орус, болгар, серб ж. б. жазуу системаларынын негизин түзгөн кириллицага караганда Г. көп колдонулган эмес.