ГЛАЗУНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАЗУНО́В Александр Константинович [29. 7(10. 8). 1865, Санкт-Петербург – 21. 3. 1936, Нёйи-сюр-Сен, Париж) – орус композитору, дирижёр, муз.-коомдук ишмер. Респ-нын эл арт. (1922). Оксфорд, Кембриж ун-ттеринин музыка б-ча ардактуу доктору (1907). Композиция б-ча Н. А. Римский-Корсаковдон таалим алган. 1888-жылдан дирижёр, 1899-жылдан Петербург консерваториясынын проф., 1905-жылдан ректору, Октябрь рев-ясынан кийин Петроград консерваториясынын ректору. Музыканы жайылтуу ж-а агартуу ишине активдүү катышкан. 1928-жылдан чет өлкөдө жашаган. Г. – «Кубаттуу топтун» ж-а Чайковскийдин салттарын уланткан ири орус композиторлорунун бири.

А. К. Глазунов. И. Е. Репин тарткан портрет.
1887. Мамлекеттик орус музейи. Санкт-Петербург.

Чыг-лыгы негизинен симф. музыкада кеӊири өнүккөн. 8 симфониянын автору. 1-симфониясын 16 жашында жазган. Аларга эпостук монументт үүлүк, элдик музыканын айкын жанрдык белгилери, көркөм чеберчилик мүнөздүү. Мыкты чыгармаларына 5- (1895), 6- (1896), 8- (1906) симфониялары, «Стенька Разин» симф. поэмасы (1885), «Раймонда» балети (1898), сюиталары, концерттери кирет. Г. орус камералык музыкасына да чоӊ салым кошкон. Н. А. Римский-Корсаков м-н бирге А. П. Бородиндин «Князь Игорь» операсын бүтүргөн, М. И. Глинканын чыгармаларын редакциялоого катышкан. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында «Раймонда» балети коюлган. 1960-ж. Пенза ш-ндагы бир көчөгө анын ысмы коюлган.
Ад.: Ганина М. А. К. Глазунов. Жизнь и творчество. М., 1961.