ГЛАЗУРЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛАЗУ́РЬ (нем. Glasur; Clas – айнек) – карапа буюмдарын жасоо процессинде алардын эӊ үстүнө жалатылган жука айнек сымал катмар. Көркөм карапа технологиясында колдонулат. Г-дун башкы милдети буюмдун бекемдигин күчөтүү м-н анын көркөм жасалга касиеттерин арттыруу болуп саналат. Г. түстүү ж-а түссүз, тунук ж-а жалатылма күӊүрт, жалтырак ж-а киргилт болуп бөлүнөт. Көлөкө түшүрүүчү Г. бир аз гравюраланган же рельефтик бетке түшүрүлөт; анын милдети – катмарынын калыӊдыгы м-н айырмаланган сүрөттү дал өзүндөй сактап калуу (натыйжада түрдүн коюулугу да сакталат). Майда бүртүкчө болуп түшүүчү кристалл Г. айнектеги аяз оюуларына окшош сүрөттөрү м-н айырмаланат. Өзгөчө бөлүмдү «туздуу» деп аталган Г. түзөт. Ал чоподон жасалган бир нерсенин үстүӊкү бетин кайнатылган туздун буусуна кармоонун натыйжасында алынат. Туздуу Г. жука күӊүрт жылтыроосу м-н айырмаланат ж-а скульптуранын үстүӊкү бетинин эӊ майда деталдарына чейин сактайт. Г-га кычкылдандыруучу затты кошкондо ал өзүнүн тунуктугун жоготуп, ак болуп калат, бул учурда ал эмаль деп аталат. О. эле, к. Кракле.