ГЛИКОГЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИКОГЕ́Н (глюкоза ж-а ...ген), ж а н ы б а р к р а х м а л ы, (С6Н10О5)n – кишинин ж-а жаныбарлардын организминдеги негизги запас полисахарид. Жашоонун бардык процесстери, биринчи кезекте булчуӊ иши Г-дин ажырашынан келип чыккан энергиянын эсебинен жүрөт. Г. адамдын, жаныбардын организминдеги бардык тканда болот, өзгөчө боордо, булчуӊдарда топтолот. О. эле ачыткыда, козу карында, жүгөрү данында да кездешет. Молекуласы а-D-глюкозанын бутактанган калдыктарынан турат. Бутактануу а-1,6-гликозиддик байланыш аркылуу түзүлөт. Ал ак түстөгү аморфтуу күкүм, муздак сууда начар, ысык сууда жакшы эрип, колоиддик эритмени пайда кылат. К-талардын ж-а ферменттердин таасири м-н жеӊил гидролизденип, декстринге, андан мальтозага ж-а глюкозага чейин ажырайт. Жаныбарлардын ткандарында гликолиз процессинин натыйжасында Г-ден сүт к-тасы пайда болот да, денени энергия м-н жабдып турат. Организмде глюкоза жетишпегенде ферменттердин таасири м-н запастагы Г. глюкозага чейин ажырап, канга өтөт. Канга келген глюкозанын фосфор татаал эфиринен боордо Г. пайда болот. Канда глюкозанын саны азайганда (ачка болгондо, кара жумуш жасаганда) боордогу Г. глюкозага же анын эфирине айланып, кан м-н денеге тарайт.