ГЛИКОЗИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИКОЗИДДЕР – углеводдордон алынган бирикмелер. Молекулаларынын гликозиддик бөлүгү агликон деп аталган орг. бирикмелердин радикалдары м-н кычкылтек, күкүрт ж-а азот атомдору аркылуу байланышкан. Ошол байланыштарына жараша О-, S- ж-а N- Г-ге бөлүнөт. Көпчүлүк О-Г. щелочтун эритмеси м-н гидролизденбейт. S-Г. к-талардын таасирине туруктуу келип, катализатор (сымап тузу) катышканда гидролизденет; N-Г. к-тада ж-а щелочтун эритмелеринде оӊой гидролизденет. Гликозид калдыгы м-н агликондун ортосундагы хим. байланыш гликозиддик байланыш деп аталат. Агликондун радикалы м-н байланышкан көмүртектин 􀁄- же 􀁅-конфигурациясына жараша 􀁄- ж-а 􀁅-Г. деп аталат. Кислоталардын ж-а ферменттердин таасири м-н Г. кантка ж-а агликонго ажырайт. Г-дин ферменттер м-н гидролизи – кайталанма реакция. Г-дин ажырашына таасир эткен ферменттер, ошол эле Г-дин синтезделишине алып келет, б. а. теӊ салмактуулук пайда болот. Жаратылышта өсүмдүктөр дүйнөсүндө кеӊири таралган 􀁅-гликозид көп кездешет. Табигый Г-дин түзүлүшү татаал. Алар – көбүнчө гүлдөргө, мөмө жемиштерге түс берип турган боёк заттар. Алар биол. активдүү зат болгондуктан, медицинада ж-а биологияда кеӊири колдонулат.