ГЛИЭР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛИЭР Рейнгольд Морицевич (өз аты Эрнест Глиэ)р [30. 12. 1874 (11.1. 1875), Киев, Украина – 23. 6. 1956, Москва, Россия] – композитор, дирижёр, педагог, коомдук ишмер, СССР эл арт. (1938), Азербайжан ССР (1934), РСФСР (1935), Өзбек ССР эл арт. (1937), иск-во таануу илимд. доктору (1941). СССР мамл. сыйл. (1946, 1948, 1950) лауреаты. Москва консерваториясын бүтүргөн (1900). 1920–41-ж. Москва консерваториясынын (композиция классы б-ча) проф. Орус классикалык музыкасынын реалисттик салттарын (П. И. Чайковский, С. В. Рахманинов ж. б.) уланткан. Г-дин музыкасы жанрдык

жактан көп түрдүү. Эмоциялуу, турмушту ачык-айкын баяндаган «Кызыл гүл» туӊгуч балетин (1927, Чоӊ театр, Москва) ж-а «Жез атчан» (1949) аттуу балетти жазган. Г-дин 5 опера, бир нече камералык ж-а аспаптык, симф. ж. б. чыгармалары бар. Үч Ленин (1945, 1950, 1955) ж. б. ордендер, медалдар м-н сыйланган. А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрында анын «Кызыл гүл» балети коюлган.