ГЛОБУС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГЛО́БУС (лат. globus – шар) – Жер шарынын аянттарынын өз ара катыштары м-н геом. окшоштугу сакталып түзүлгөн модели; бетине Жердин картографиялык сүрөттөлүшү түшүрүлгөн шар (сфера). Анда геогр. карталардай эле градустук торчолор, меридиандар м-н параллелдердин атайын системасы (5°, 10°, 15°же 30°) түшүрүлөт. Меридиандар м-н параллелдер тик бурч б-ча (90°) кесилишет (карталарда мындай тактык чанда гана сакталат). Мындан тышкары Г-та картадай эле Түн. же Бөйөн тропиги (231/2􀁱түн. кеӊдик) ж-а Түш. же Текечер (231/2􀁱түш. кеӊ- дик) тропиги, о. эле Түн. уюл тегереги (661/2􀁱 түн кеӊдик) м-н Түш. уюл тегереги (661/2􀁱түш. кеӊдик) ж. б. негизги картографиялык элементтер көрсөтүлөт. Г-тун көбү 1:30 млн – 1:80 млн масштабда болот. Картографиялык мазмуну жагынан ар түрдүү; алардын ичинен физ.-геогр. ж-а рельефтик (тоолор м-н дөӊсөөлөрдүн элеси түшүрүлгөн) Г. көп тараган. Алгачкы геогр. Г-ту 1492-ж. М. Бехайм жасаган. 17–18-к-да Г. деӊизде сүзүүдө колдонулган, деӊиз карталары м-н лоциялар чыккандан тартып, мектептерде окуу куралы катары пайдаланылат. Азыркы учурда навигациялык иштерде көбүнчө геогр. карталар колдонгонуна карабай, айрым учурда үйлөмө Г-тар да пайдаланылууда.