ГОВОР
ГО́ВОР – жалпы элдик тилдин же диалектинин ичиндеги белгилүү бир аймакка тараган тилдик өзгөчөлүк. Ал өзгөчөлүктөр тилдин фонетикасынан, грамматикасынан, лексикасынан байкалат. Кыргыз тилинде Ысык-Көл, Талас, Тянь-Шань, Чүй ж-а ичкилик (түш. кыргыздарда) ж. б. говорлору бар. Г-го адабий тилдин эрежелерине туура келбеген граммат., тыбыштык же лексикалык өзгөчөлүктөр мүнөздүү келет; 2) коомдун белгилүү бир социалдык катмарына тиешелүү тилдик өзгөчөлүк.