ГОЛСУОРСИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГО́ЛСУОРСИ Жон (14. 8. 1867, Лондон, Великобритания – 31. 1. 1933, ошол эле жер) – англ. жазуучу, драматург. Нобель сыйл. лауреаты (1932). «Форсайттар жөнүндө сага» (1906–21), «Учурдагы комедия» (1924–28) үчилтиктеринде 19-к-дын аягы – 20-к-дын 30-жылдарына чейинки англ. Буржазиянын адеп-ахлагын эпикалык планда сүрөттөп, жеке менчиктин коомдук ж-а жеке турмуштагы ролун ачып көргөзгөн. «Башчынын өлүмү» (1931–33) үчилтигинде консервативдүү тенденциялар байкалат. Ал «Учурдагы тарых», «Ак маймыл» (1924), «Күмүш кашык» (1926), «Ак куу ыры» (1928), «Идиллия», «Кездешүү» (1927), «Кызымдын досу» (1931), «Гүлдөгөн талаа» (1932), «Өзөндөн кийин» (1933) аттуу новеллалардын, о. эле «Фарисейлер аралы» (1904), «Короо жай» (1907), «Боордоштор» (1909) романдарынын ж-а «Күмүш куту» (1909), «Күрөш» (1909), «Жансыз алгырлык» (1920) ж. б. Бир нече драмалык чыгармалардын автору. Г. Публицистикаларында реализм принциптерин коргогон.