ГОЛЬДОНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГОЛЬДО́НИ Карло (25. 2. 1707, Венеция – 6. 2.1793, Париж, Франция) – итал. драматург, либреттист, котормочу, театр реформатору ж-а улуттук комедияны түзүүчү. Ал италян театрына реформа жүргүзүү м-н реалдуу адам

мүнөзүн чагылдырган драматургияны киргизип, феод. коомду сындаган. Анын реформасы 1748–53-ж. коюлган «Амалкөй жесир», «Катын ушак», «Эки мырзанын малайы» ж. б. комедияларында да ишке ашкан. Г. үй-бүлө, тиричилик темасындагы комедияларына («Жигит менен айым», «Эки жүздүү» ж. б.) жаӊы драмалык форма киргизип, аны жаӊы идея, жаӊы улуттук мазмун м-н байыткан, чыгармаларында эл массасы башкы оӊ каарман катары берилет. Анын реформасы көпчүлүк агартуучулар тарабынан Италияда (П. Верри, Г. Гоци ж. б.), о. эле чет өлкөдө да (Вольтер, Г. Е. Лессинг, И. В. Гёте) кубатталган. Ал 267 пьеса жазган.
Ад.: Реизов Б. Г. К. Гольдони. 1707–1793. М.; Л., 1957.